Орусиянын Одессага соккусунан үч адам каза болду

Сокку урулган шаар. Одесса. 18-ноябрь, 2026-жыл.

18-ноябрда Орусия Украинанын Одесса шаарынын борборуна сокку урду. Натыйжада үч адам каза болуп, дагы жети киши жараат алды. Бул тууралуу Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын маалыматында, каза болгондордун экөө аял, бири эркек.

Соккудан турак үйлөрдүн, кафелердин жана дүкөндөрдүн терезелери талкаланган. Бир автоунаа өрттөнүп, дагы бир нече машина жабыркаган.

Жергиликтүү бийлик чабуулдун кесепеттерин тактап жатат.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган. Андан бери эки тараптан тең согушта аскерлерден тышкары миңдеген жай тургундар да набыт болушту.

Дагы караңыз

Кара-Суу: Туманбаев базардагы төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди 19-ноябрдын аба ырайы: Күн ачык болотОрусияда 2027-жылдан баштап кирешеси аз мигранттардын патенти жокко чыгарылатБишкекте “Нур Умра” компаниясынын жетекчиси кармалдыCPJ "Kloop'тун материалын бөлүштү" делген адамдын үч жылга кесилишин айыптадыӨкмөт башчы Касымалиев бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айтты