Кыргызстан дагы 18 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизүүнү көздөйт

Кыргызстандагы чокуларга чыгуу үчүн келген альпинисттердин басымдуу бөлүгү - чет өлкөлүк жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга дагы 18 өлкөнүн жарандары визасыз кирүүсүнө уруксат берилет жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө узартылат.

Мындай сунушту Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, визасыз режим киргизүү сунушталган өлкөлөрдүн катарына Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кирет.

Азыркы эрежеге ылайык, визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда ар бир 60 күндүк мезгил ичинде 30 күнгө чейин жүрө алат. Долбоор бул мөөнөттү ар бир 120 күндүн ичинде 60 күнгө чейин узартууну карайт.

Туризм агенттиги мындай өзгөртүү чет өлкөлүк туристтер үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтып, узак мөөнөттүү саякаттарды, анын ичинде альпинисттик экспедицияларды өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилейт. Агенттиктин маалыматында, Кыргызстандагы айрым тоо экспедициялары акклиматизацияны жана аба ырайынын ыңгайлуу учурларын күтүүнү эске алганда 45–60 күнгө созулат.

Долбоор кабыл алынса, визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилет. Бирок жаңы эрежелер тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин гана күчүнө кирет.

Визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн миграциялык каттоо жана чек ара көзөмөлү боюнча талаптар күчүндө калат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстанга 13 миллионго жакын турист келген. Эксперттер алдыдагы жылдары туристтердин саны 20-30 миллионго жетиши мүмкүн дешет. (ZКo)

Дагы караңыз

Орусиянын Одессага соккусунан үч адам каза болдуКара-Суу: Туманбаев базардагы төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди Бишкекте “Нур Умра” компаниясынын жетекчиси кармалдыОрусияда 2027-жылдан баштап кирешеси аз мигранттардын патенти жокко чыгарылатАКШда тажик жараны "Ислам мамлекети" тобун каржылаганы үчүн күнөөлүү деп табылдыКытайда Си менен Путиндин жолугушуусу өттүCPJ "Kloop'тун материалын бөлүштү" делген адамдын үч жылга кесилишин айыптады