18-ноябрда Орусия Украинанын Одесса шаарынын борборуна сокку урду. Натыйжада үч адам каза болуп, дагы жети киши жараат алды. Бул тууралуу Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
Анын маалыматында, каза болгондордун экөө аял, бири эркек.
Соккудан турак үйлөрдүн, кафелердин жана дүкөндөрдүн терезелери талкаланган. Бир автоунаа өрттөнүп, дагы бир нече машина жабыркаган.
Жергиликтүү бийлик чабуулдун кесепеттерин тактап жатат.
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган. Андан бери эки тараптан тең согушта аскерлерден тышкары миңдеген жай тургундар да набыт болушту.
Шерине