Трамп жана Путин Кытайда үч тараптуу жолугушуу алдында сүйлөштү

Дональд Трамп менен Владимир Путин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) саммитинде кыска мөөнөткө жолугушту.

Жолугушуу америкалык тарап болорун ырастаганы менен алдын ала пландалган эмес. Кеп дипломатиялык протокол алкагындагы эки тараптуу формалдуу жолугушуу жөнүндө жүргөн жок.

Жолугушууда америка тараптан соода министри Скотт Бессент жана Ак үйдүн аппарат башчысы Марко Рубио катышты. Орусия тараптан - ТИМдин башчысы Сергей Лавров, финансы министри Антон Силуанов, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана атайын өкүл Кирилл Дмитриев кирген.

Журналисттерге кайрылган америкалык лидер Путин менен көп жылдан бери жакшы мамиледе экенин, мунун арты менен "жакшы өзгөрүүлөр башталышы мүмкүн" экенин айтты. Жолугушуу жарым саатка созулду.

Бүгүн АКШ, Орусия жана Кытайдын лидерлери катышкан үч тараптуу жолугушуу белгиленген, мындай иш-чара тарыхта биринчи жолу өтүүдө.

Трамп Украинадагы согуш дагы талкууланарын, бирок башкы тема өзөктүк куралды көзөмөлдөө болорун белгилеген. АКШ президенти бүгүн Си Цзинпин менен дагы эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Түндүктөн" талапкерлерге кол топтоого көмөктөшүүгө үндөдүЗыяратка баратып Ташкентте калып калгандардын 54ү умрага кетип, калганы өлкөгө кайтатУлуттук банк быйыл валюта базарына 2 млрд 500 млн доолар сатты