Улуттук банк 18-ноябрда валюта базарына дагы 207 миллион 100 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 2-ноябрда валюта рыногуна 214 миллион 550 миң доллар чыгарган. Ушуну менен Улуттук банк 2026-жылы 14 жолу интервенция жасап, 2 миллиард 500 миллион 65 миң доолар сатты.
2025-жылы жалпы сегиз жолу интервенция жүргүзүлүп, 853 миллион доллар сатылган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)
Шерине