ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ошто аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн аялга айып салынды

Ош шаарындагы эл аралык аэропорт.
Ош шаарындагы эл аралык аэропорт.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Ош шаарындагы эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн аял боюнча окуяга комментарий берди.

Расмий маалыматка ылайык, 17-ноябрда облустук милицияга Оштогу аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн адам тууралуу маалымат түшкөн. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Укук бузуу жөнүндө кодекс боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган.

“Белгилей кетчү жагдай укук бузуу жөнүндө протокол бул видео тарткан жаранга эмес, коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн аялга түзүлгөн. Ал эми видеого тарткан адам бир нече жолку эскертүүгө карабай, милиция кызматкерлеринин иш алып баруусуна тоскоолдуктарды жараткан”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн аялга протокол түзүү учурунда милиция кызматкерлеринин аракети тууралуу видео тараган.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылы январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Садыр Жапаров былтыр 5-апрелде никаб, паранжа кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жана аларга айып салынары боюнча пикирин билдирип, хижаб кыргыз тилиндеги жоолук деген эле сөз экенин жана буга каршылык жоктугун, болгону аны салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин айткан.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG