Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендер Садыр Жапаров менен жолугушту.
Бул тууралуу «Азаттыкка» ал жолугушууга катышкан Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев жана Аймен Касенов билдирди.
Сооронкулованын айтымында, жолугушууга БШКга арыз берген Бакыт Калмаматов менен Сыймык Жапыкеевден башка сегиз жаран катышкан.
Анда президент Садыр Жапаров шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн, ал үчүн саясий эрки жетерин билдирген.
Исхак Масалиев да бул жолугушуу болгонун ырастап, Жапаров шайлоо маалында үгүттү онлайн форматта жүргүзүүгө ыктап турганын айтканын белгиледи.
Ал эми Аймен Касенов болсо жолугушууда шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө Жапаров талапкерлер жекеликке асылбоого чакырганын жана административдик ресурсту колдонбоого убада бергенин кошумчалады.
Азырынча бул жолугушуу тууралуу президенттик администрация маалымат бере элек.
Буга чейин Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калган коомдук-саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев жана Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев менен да жолуккан. Анда мамлекеттик тил боюнча сынакка байланыштуу айтылган сөздөр коомчулукта талкуу жараткан.
БШКга президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Шерине