Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда “Новел” пансионатын тарттырып жибергенин, бул ишке мамлекет башчынын иниси Аскарбек Жапаровдун тиешеси бар экенин айткан Кубат Алымбековду жана орусиялык инвестор Дмитрий Ребусту жубайы Екатерина Ребус менен кабыл алды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын сөзүнө караганда, Дмитрий Ребус 15 миллион долларга пансионат курганын далилдеп, бирок кийин уюшкан кылмыштуу топтор тартып алып, өзүн өлкөдөн кууп чыкканын айткан.
“Кубат Алымбеков инвестициялык долбоорго жер тилкесин же жеке каражатынан бир сом да салбаганын өзү да мойнуна алды. Мындан сырткары курулушту аткарган фирмалардын жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар экенин да тастыктады. Бирок Кубат Алымбеков инвестициялык долбоордон “Дмитрий Ребус мага үлүш берем деп бербей кеткен” деген дооматын айтты. Инвестор мындай үлүш берүү боюнча эч кандай келишим же макулдашуу болбогонун белгиледи жана “Кубат Алымбеков бир сом салбаса кантип үлүш берем демек элем” деди”, - деп айтылат маалыматта.
Дмитрий Ребус 2023-жылы президенттин иниси аркылуу мамлекет башчысына кайрылганын, кийин мүлкү кайтарылып, ушул тапта иштеп жатканын кошумчалаган.
Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тараптардын жүйөлөрүн, финансылык милдеттенмелердин аткарылышын, уюшкан кылмыштуу тобунун аралашканын жана үлүш боюнча айтылган дооматтардын документтерин дагы бир жолу калыс териштирип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүү тапшырмасын берди.
Президент Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушууда Кубат Алымбеков көл жээгиндеги “Новел” пансионатын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш ишин козгоп, тартып алганын, ага мамлекет башчынын жакыны аралашып жатканын айтып, даттанган. Садыр Жапаров андан жакыны делген адамдын аты-жөнүн ачык айтуусун талап кылганда ал иниси Аскарбек Жапаров экенин билдирген.
УКМК 13-ноябрда “Новел” эс алуу борбору мекеменин балансына өткөрүлбөгөнүн маалымдаган. (BTo)
Шерине