ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Чүйдүн Кызыл-Ой айылында мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөндү

Өрт чалган имарат.
Өрт чалган имарат.

Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы орто мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөндү. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, тилсиз жоо 19-ноябрда саат 09:50 чамасында чыккан.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Чүй милициясы ушул тапта өрттүн чыгуу себептерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кырсыктын бардык жагдайларын тактоо жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG