ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Москвадагы “Сахарово” борборунда 200гө жакын кыргыз жараны кармалып турат

Москвадагы “Сахарово” борборунда убактылуу кармалып турган Кыргызстандын жарандары.
Москвадагы “Сахарово” борборунда убактылуу кармалып турган Кыргызстандын жарандары.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда убактылуу кармалып турган кыргызстандыктар менен жолугуп, алардын укуктарынын сакталышы боюнча маалымат алды.

Жолугушууда мигранттарга Орусиянын мыйзамдарын билүү зарыл экени айтылып, өз укуктарын кантип коргоо керектиги түшүндүрүлдү. “Сахароводогу” мекендештер акыйкатчыга жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрүнө борбордо кармоо мөөнөтү, Орусиядан чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле депортациядан кийин өлкөгө кайра кирүүгө канча убакыттан соң уруксат берилери тууралуу суроолорду беришти.

“Мен көрүп турам, айрымдарыңыздар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттана албай, натыйжада көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калгансыздар. Айрым учурларда мындай маселелер иш берүүчүлөр өз милдеттерин аткарбагандыктан келип чыккан. Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата мекемеде Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турган. 17-ноябрдын кечинде 28 кыргызстандыкты депортация кылууга даярдап жатышканын билдиришкен.

“Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Аларга уюлдук телефонго видео тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилет. (BTo)

XS
SM
MD
LG