АКШ: "Трак айдап кырсыктап, бутумдан ажырадым"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШда трак айдап иштеген кыргызстандыктардын жашоосу сыртынан караганда ары кирешелүү, ары келечектүү көрүнөт. Бирок күндүр-түндүр узак сапар, жол азабы жана барган сайын күчөгөн миграциялык текшерүүлөр бул тармакта иштегендердин түйшүгүн көбөйттү. Айрымдары кырсыктан кийин кайра бутуна турууга аракет кылса, башкалары ICE офицерлерине кармалып, миграциялык маселесин чече албай убара. "Азаттык" бул жолу АКШдагы кыргызстандык айдоочулардын жумушу, коопсуздугу жана үй-бүлөсү үчүн тарткан түйшүгү тууралуу баяндайт.