Бишкек–Пхукет чартердик аба каттамы ачылды

Пхукет, Таиланд

Бишкектен Таиланддын курорттук шаарларынын бири Пхукетке түз аба каттамы ачылды. 20-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясынын Бишкек–Пхукет багыты боюнча алгачкы рейси аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы билдирди.

Чартердик каттамдар жумасына эки жолу Airbus A321, A330 жана A320neo үлгүсүндөгү учактар менен аткарылат.

«Жаңы багыт Кыргызстандын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтип, Таиланд менен туристтик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары ушул жылдын 15-сентябрынан тартып Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз бара алышат. Визасыз режим жарактуу жалпы жарандык паспорт менен колдонулат.

Сапарга чыгаар алдында жарандар Таиланддын расмий электрондук кызматы аркылуу атайын форма толтуруусу зарыл. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте рак менен ооруган балдардын ата-энелери үчүн пансион курулуудаОрусиянын соккусунан Кривой Рогдо эки өмүр кыйылды, жараат алгандар элүүгө чукулдадыПрезиденттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө алгачкы 74 добушкана түзүлдүВашингтон Украинадагы согушту токтотуунун эки жолун талкуулап жатканы кабарланды