ӨКМ: Куткаруучулар 10 айда 428 адамга жардам көрсөттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары быйылкы он айдын ичинде ар кандай кырдаалга кабылган 428 адамга жардам көрсөтүштү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын арасында өрттөн, жол жана кен кырсыктарынан жабыркагандар, сууга чөккөндөр, үйүнүн эшигин ача албай калгандар жана манжасынан шакегин чыгара албай калгандар болгон.

ӨКМге жыл башынан бери жалпысынан 2 миллион 795 миң 161 кайрылуу түшкөн.

Мекеме кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон куткаруучулар да бар экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 17-ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында өлкөдө жыл башынан бери 42 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 42 адам каза болгонун билдирген. Материалдык чыгымдын көлөмү 468 миллион 502 миң сомду түзгөн.

Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында 7-ноябрдан тартып изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. Ал жолун таппай калганын 112 кызматына өзү кабарлаган. Бул окуядан кийин ӨКМдин дарегине куткаруу иштеринин уюштурулушуна байланыштуу кескин сын айтылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте рак менен ооруган балдардын ата-энелери үчүн пансион курулуудаОрусиянын соккусунан Кривой Рогдо эки өмүр кыйылды, жараат алгандар элүүгө чукулдадыЭнергетик суусундукка тыюу: Саламаттыкты коргообу же "соода согушубу"?Президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө алгачкы 74 добушкана түзүлдү