ӨКМдин мурдагы борбор башчысы Эгембердиев камакка алынды

Азиз Эгембердиев. Архив сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун мурдагы башчысы Азис Эгембердиев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасын караган сот 2027-жылдын 13-январына чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Бул маалыматты Биринчи май райондук соту «Азаттыкка» ырастады.

Эгембердиев Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелүүдө.

9-ноябрда Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы бала Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Ал жол таппай калганын билдирип, 112 кызматына өзү кайрылган. Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМдин дарегине кескин сын айтылган.

Сот мекемеси Эгембердиевдин кармалашы бул окуяга байланышуу эмес экенин билдирди.

Андан башка маалымат берилген жок. Шектүүнүн жакындары же жактоочусу да комментарий бере элек.(КЕ)

Дагы караңыз

ӨКМ: Куткаруучулар 10 айда 428 адамга жардам көрсөттүБишкек–Пхукет чартердик аба каттамы ачылдыБишкекте рак менен ооруган балдардын ата-энелери үчүн пансион курулуудаОрусиянын соккусунан Кривой Рогдо эки өмүр кыйылды, жараат алгандар элүүгө чукулдады