Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелер боюнча республикалык кеңешме өткөрдү.
Президенттик администрация тараткан маалыматта бул жыйында экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы боюнча отчет, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин калк менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалыматы талкууланган.
Президент Жапаров аймактардагы жолугушууларда өкмөттүн ишине ыраазылык билдирүү менен катар жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын жана соттордун дарегине даттануулар болгонун белгилеген.
Жыйында дал ушул жагдайды эске алып айрым жетекчилерге карата тартиптик чараларды көрүү, ал эми кээ бир акимдерди жана мэрлерди ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталганы айтылды.
Бирок сөз кайсы жетекчилер жөнүндө болуп жатканын президенттин администрациясы тактаган жок. Садыр Жапаров кеңешме жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, 2027-жылдын январындагы президенттик шайлоого кийлигишпөөгө чакырганын да “Ынтымак Ордо” кабарлады.