ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Ливияда жарылуудан орусиялык аскердик кеме жок кылынды

Бенгазидеги аскер-деңиз базасындагы орусиялык "Меркурий" аскердик кемесиндеги өрт, спутниктен тартылган сүрөт, 2026-жылдын 22-ноябры
Бенгазидеги аскер-деңиз базасындагы орусиялык "Меркурий" аскердик кемесиндеги өрт, спутниктен тартылган сүрөт, 2026-жылдын 22-ноябры

22-ноябрга караган түнү Бенгази портундагы аскер-деңиз базасында бир катар күчтүү жарылуулар болду. Libya Observer басылмасы кабарлагандай, жарылуулар ок-дары сакталуучу кампаларда катталган.

Мунун алдында базанын үстүнөн учак учуп өткөн. Ливия улуттук армиясынын кол башчысы Халифа Хафтарга жакын аскердик булактар учак кампаларды аткылаганын билдиришүүдө.

Ошол эле маалда Хафтарга байланыштуу башка ливиялык маалымат каражаттары жарылуулар аба соккусунан эмес, кокустуктан улам болгонун жазышууда.

Аскер-деңиз күчтөрү тууралуу баяндаган Naval News басылмасы Бенгазидеги жарылуулар учурунда орусиялык “Меркурий” аскердик кемеси жабыркаганын билдирди. Анда өрт чыгып, кемени дээрлик толугу менен жок кылган.

Кеме расмий түрдө Кара деңиз флотуна таандык, бирок акыркы бир нече жылдан бери Жер ортолук деңизде колдонулуп келген. Басылманын маалыматында, "Меркурий" Бенгазиге бир нече күн мурун келген. Өкмөттүн маалыматында кеме Орусияга баратып, азык-түлүк жана күйүүчү май запасын толуктоо үчүн Бенгази портуна кирген.

Чыгыш Ливия өкмөтү кеменин жок кылынганын ырастады. Ал өрттөнүп, чөгүп кеткен. Жарылуунун алдын ала себеби катары учкучсуз аппараттын чабуулу аталды.

Reuters агенттиги жазгандай, жарылуудан он адам жабыркаган. Алардын арасында Орусия жана Ливиянын жарандары болгон. Жабыркагандар жок.

Өкмөт кол салууну айыптады, бирок анын артында ким турушу мүмкүн экенин тактаган жок.

Орусиянын аскердик кемелери Ливияда ал мамлекеттин улуттук армиясы көзөмөлдөгөн аскер-деңиз базаларында жайгашкан. Алардын бул аймактагы катышуусунун күчөшүнө буга чейин 6-октябрдагы аналитикалык билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча Вашингтон институту да көңүл буруп, тынчсыздануусун билдирген.

  • Ливия 2020-жылы жарандык согуш аяктагандан бери кош бийлик абалында турат: өлкөнүн батыш бөлүгүн БУУ тааныган, башында Абдулхамид Бейба турган Улуттук биримдик өкмөтү көзөмөлдөсө, чыгыш бөлүгүн Халифа Хафтардын командачылыгы астындагы Ливия улуттук армиясына таянган администрация башкарат. Тараптар мезгил-мезгили менен бири-бирин диверсияларга, учкучсуз аппараттардын чабуулдарына жана жергиликтүү куралдуу кагылышууларга айыптап келишет.
XS
SM
MD
LG