ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

Калининград облусунда абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилди

21-ноябрдын кечинде Калининград шаарында жана облусунда абадан коркунуч тууралуу айгай жаңырды. Учкучсуз учактардын коркунучу жөнүндө билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00 чамасында берилген. Эскертүү Калининграддын өзүндө, ошондой эле Светлогорск, Зеленоградск, Пионерский, Светлый, Советск шаарларында жана Куршская коса тилкесинде жашагандарга берилген.

Тургундарга "коопсуз жайларга түшүү" сунушталган. Храброво аэропортунда учактардын каттамы бир саатка токтогон. Уюлдук операторлор байланыш өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Калининград облусунун губернатору Алексей Беспрозванных социалдык тармактарда эскертүүгө Литва тараптан Неман районуна кирип келген "шектүү объект" себеп болгонун билдирди. Ал олуттуу коркунуч жок экенин жана коңгуроо жакынкы аралыкта алынарын кошумчалады.

Бирок саат 21:00гө жакын айгай кайрадан жаңырды. Бир катар Телеграм-каналдар Балтийск шаарынын тургундары тарткан делген видеону жарыялашты, анда порт тарапта жарылуулардын үнү угулуп, абадан коргонуу системасы иштегени айтылган. Балтийскиге кол салуу болгону тууралуу украиналык Supernova+ жана Dnipro Osint мониторинг каналдары да кабарлашты. Орусиялык расмий каналдарда мындай маалымат жок.

ТАСС маалымат агенттиги социалдык тармактарда тарап жаткан, Балтийскидеги жарылуу делген сүрөттү чындыкка дал келбейт деп билдирди. Согуш шартында окуя болгон жерден маалыматты ыкчам тастыктоо мүмкүн эмес. Азырынча Балтийскиге кандайдыр бир сокку урулганы же келтирилген зыян тууралуу так маалымат жок. Украиналык аскерлер кырдаал боюнча комментарий беришкен жок.

Балтийскиде Орусиянын Аскер-деңиз флотунун Балтика флотунун базасы жайгашкан.

Литванын тышкы иштер министри Кястутис Будрис Литва Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн өзүнүн аба мейкиндигин колдонууга уруксат бербегенин билдирди.

Буга чейин, 21-ноябрда күндүз Фин булуңунун нейтралдуу аймагында Орусиянын деңиз чек арасынан болжол менен алты чакырым алыстыкта украиналык эки учкучсуз учак Калининградга бараткан Sparta II жүк ташуучу кемесине чабуул жасаган. Sparta II Орусиянын желеги астында жүрөт жана курал-жарак ташыганы үчүн санкцияга кабылган.

​
XS
SM
MD
LG