ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Анжиянда банк кызматкери кардарлардын 250 миң долларын кымырып алып, кумарга уттуруп ийген

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандын Анжиян шаарындагы банк кызматкери кардарлардын 3,2 миллиард сумун (болжол менен 250 миң доллар) кымырып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Ички иштер министрлиги кабарлаган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, банктын эл аралык которуулар боюнча адиси кардарлардын эсебиндеги каражаттарды өзүнүн эл аралык картасына которуп, кымырып алган акчаны интернеттеги кумар оюндарына короткон. Натыйжада ал бардык сумманы уттуруп жиберген.

Банк кызматкери кармалгандан кийин кумар оюндары аны ири суммадагы акчадан гана эмес, үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан да ажыратканын мойнуна алды.

"Мен абдан ири суммадагы акчаны жоготтум. Күнөөмдү толук мойнума алам. Акырында үй-бүлөмдөн, кесиптештеримден - баарынан айрылдым. Кылган ишиме терең өкүнөм", - деди банк кызматкери.

Өзбекстанда акыркы жылдары банк кызматкерлери кардарлардын каражаттарын же насыя акчаларды кымырып алып, кумар оюндарына уттуруп жиберген бир нече чуулгандуу окуя катталды.

Ушул жылдын февраль айында Ташкенттин Яшнабад районундагы коммерциялык банктардын биринин филиалынын бөлүм башчысы жеке компания менен сүйлөшүп алып, 120 миң АКШ долларына жасалма насыя тариздеген. Алынган каражаттар жасалма мөөрлөр жана бланктар аркылуу кумар оюндары бар чет элдик онлайн-платформалардын эсебине чыгарылып, уттурулган. Уурдоо банктын ички текшерүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Ушул жылдын сентябрь айында Ташкенттин Сергели районундагы борбордук банктардын биринин кызмат адамдары жасалма документтер аркылуу кардардын эсебинен 300 миң долларды кымырып алган. Жалпысынан кардардын депозиттик эсебинде 500 миң АКШ доллары сакталып турган.

Ушул жылдын октябрь айында Ташкент облусунун Чирчик шаарындагы банктардын биринин бөлүм башчысы 13 жарандын 1,3 миллиард сумдан (болжол менен 110 миң доллар) ашык каражатын кассага салбай, сактык китепчелерине жалган маалыматтарды жазып, өзүнө ыйгарып алган.

2023-жылдын декабрь айында Самарканддагы "Халк банкынын" кызматкери 631 миллион сумду (азыркы курс боюнча болжол менен 53 миң доллар) кымырып алып, кумар оюндарына уттуруп жиберген, ал үчүн жоопкерчиликке тартылган.

​
XS
SM
MD
LG