ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Татьяна Ким Евробиримдиктин санкциясына илингенден кийин Wildberries'тин жетекчилигинен кетти

Татьяна Ким.
Татьяна Ким.

Орусиянын башкы маркетплейстеринин бири Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким башкы директорлук кызматынан кетти. Бул анын ысымы Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилгенден үч күн өткөндөн кийин болду.

Wildberries менен Russ жарнама агенттигин бириктирген RWB компаниялар тобунун басма сөз кызматы Кимдин кызматтан кетиши маркетплейстин оперативдүү ишмердүүлүгүнө таасир этпей турганын кабарлады. Анда Ким топтун стратегиялык өнүгүүсү менен алектенүүнү улантары белгиленди. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 19-ноябрдан тартып RWB тобуна кирген «Диджико» жарнама агенттигинин жана «ВБ Инжениринг» компаниясынын башкы директору Алексей Куликов Wildberries'тин жаңы башкы директору болуп дайындалды.

16-ноябрда Евробиримдик Орусиянын Украинадагы согушун колдогону үчүн санкция салынган адамдардын жана ишканалардын жаңыланган тизмесин жарыялаган. Ага 145 жеке жана юридикалык жак камтылып, анын ичинде Татьяна Ким да кошулган. ЕБ өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү жаңы тизмени 11-ноябрда макулдашкан.

  • Өткөн жайда Орусия боюнча Wildberries'тин кампалары жана логистикалык борборлору украиналык дрондордун жапырт чабуулдарына кабылган. Натыйжада компаниянын бардык кампа аянттарынын 74 пайызы иштен чыгып, эң ири он кампанын жетөө ишин кайра жандандыра алган эмес. Августтун ортосуна карата сатуучулардын чыгымдарын кошкондо жалпы зыяндын суммасы 800 миллиард рублдан ашкан.
  • Киев Wildberries'ти мыйзамдуу аскердик бута деп эсептейт. Анткени интернет-дүкөнүндө кош багыттагы да, түздөн-түз аскердик багыттагы да товарлар бар болгон дейт. Мисалы, учкучсуз учуучу аппараттар жана алардын тетиктери, автоматтарга кошумча жабдуулар, тепловизорлор, ок өтпөс чыптамалар жана башка товарлар. Украинадагы орус армиясына жардам берген ыктыярчылар бул товарларды сатып алып, аскерлерге өткөрүп берип турушкан.
​
XS
SM
MD
LG