ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

Мурдагы вице-премьердин кеңешчиси болгон Назира Усеналиева алдамчылыкка шектелүүдө

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Вице-премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Назира Усеналиева алдамчылыкка шектелип кармалганы 21-ноябрда белгилүү болду. Биринчи май райондук соту бүгүн билдиргендей, анын бөгөт чарасы 8-октябрда каралып, 6-декабрга чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынган.

Kaktus.media укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, бул иш боюнча келтирилген зыяндын көлөмү дээрлик 200 миң долларды түзөрүн жазды.

Башка жагдайлар азырынча айтыла элек. Ички иштер министрлиги (ИИМ) да маалымат тарата элек.

Назира Усеналиева 2010-жылы «Содружество» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Ал өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин жетекчисинин орун басары, Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору болуп иштеген. Ошондой эле 2014-жылы вице-премьер-министр Валерий Дилдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.(КЕ)

​
XS
SM
MD
LG