ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Алайда аялын муунтуп өлтүрүүгө шектүү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда аялын муунтуп өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы тургун кармалды. Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, окуя 21-ноябрга караган түнү болгон.

1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран мас абалында 1990-жылы туулган жубайы К.А. менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүрүүгө шектелип жатканы кабарланды.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталды. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жубайлар, милиция билдиргендей, буга чейин өз ара пикир келишпестиктер боюнча ички иштер органдарына кайрылышкан эмес.

Акыркы мезгилде аягы өлүм менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталып келет.

Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы 10 айында (январдан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28,3 пайызга, же 5 миң 160 фактыга көп.(КЕ)

​
XS
SM
MD
LG