АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Стивен Гиллен 20-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда эки тарап өз ара кызыкчылык жаратуучу тармактарда кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.
Стивен Гиллен — АКШнын дипломатиялык кызматында көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат. Ал улуттук коопсуздук жана кризистик дипломатия тармактарында иштеген. 2021-жылдын февралынан 2024-жылдын июнуна чейин АКШ президентинин барымтадагылар маселеси боюнча атайын өкүлүнүн орун басары болгон. Ошондой эле АКШнын Минск, Багдад жана Сараево шаарларындагы элчиликтеринде, Ирактын Эрбил шаарындагы башкы консулдугунда иштеген.
АКШ президенти Дональд Трамп анын талапкерлигин 2026-жылдын август айында сунуштап, Сенат 30-сентябрда бекиткен. Гиллен 14-ноябрда элчи катары ант берген.
Ал бул кызматта 2022-жылдан бери АКШнын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеп келген Лесли Вигеринин ордун басты.
Шерине