ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Молдалиевдин апасы президенттен уулун үй камагына чыгарып берүүнү суранды

Кымбат Масымканова.
Кымбат Масымканова.

“Экстремисттик материалды тараткан” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган Бактыбек Молдалиевдин апасы Кымбат Масымканова президент Садыр Жапаровго кайрылып, уулун үй камагына чыгарып берүүгө жардам берүүнү суранды.

Ал Бактыбек Молдалиев үй-бүлөсүн жалгыз багарын, бала-чакасы каржылык жактан кыйналып жатканын айтты.

“Садыр балам, уулумду үй камагына чыгарып берип эле сот аны суракка алса болмок. Эч жакка качпай, суракка барып турат эле. Балдары аябай кыйналды. Жакшы деле тамак иче элек. Анын үстүнө уулум үйдү жалгыз өзү карап жүрүп үй-бүлөсү жүдөп кетти. Президент кечиримдүү болуп, үй камагына чыгарып берсе”, - деди Кымбат Масымканова.

Бишкектин Октябрь райондук соту 11-ноябрда Бактыбек Молдалиевди “экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн” деген айып менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. Курулушта ширетүүчү болуп иштеген Молдалиев коюлган кинени мойнуна алган эмес. Ал телефону 2025-жылдын ноябрь айынан бери милиция кызматкерлеринин колунда экенин билдирген.

2025-жылы ноябрда саясатчылар Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана башка он чакты киши кармалган учурда Молдалиев ички иштер бөлүмүндө сурак бергенин, ошондо милиция анын кол телефонун “далил зат” катары алып калганын жубайы “Азаттыкка” кабарлаган.

Молдалиевди милиция 2026-жылы май айында кайра кармап, камакка алган. Ал башында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен шек саналып жаткан. Кийинчерээк Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) 1-бөлүгүнө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу) алмаштырылган.

Ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын себебин түшүндүргөн эмес жана кайсы медианын материалын бөлүшкөнүн да ачыктаган эмес.

Соттук териштирүүдө милиция белгилеген медиалар Kloop жана “Айт-айт десе” долбоорлору экени белгилүү болгон.

2026-жылы мартта Жогорку соттун коллегиясы Kloop, Temirov LIVE жана “Айт-айт десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечимин күчүндө калтырган. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет. Президент сындаганы үчүн кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин ал журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан.

Буга чейин Human Rights Watch (HRW) жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюмдары кыргыз бийлигин Бактыбек Молдалиевди абактан бошотуп, козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

Молдалиев азыркы тапта Бишкекте тергөө абагына (СИЗО-1) кармалууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG