Кытайдын Шэньчжэн шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммити алкагында 19-ноябрда АКШ, Орусия жана Кытай лидерлери биринчи жолу үч тараптуу форматта жолугушту. Сүйлөшүүлөргө АКШ президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин катышты.
Трамп АКШ, Кытай жана Орусияны өзөктүк куралдын жайылышын алдын алуу багытында кызматташууну күчөтүүгө чакырды. Ал ошондой эле Украинадагы согуш талкуулана турган негизги темалардын бири экенин белгилеп, бул маселени Путин менен эки тараптуу жолугушууда да көтөргөнүн айтты.
Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты дүйнөлүк тынчтыкты сактоо жана стратегиялык туруктуулукту камсыздоо экенин билдирди. Ал өзөктүк куралга толук тыюу салуу жана жок кылуу демилгесин колдой турганын белгиледи.
Владимир Путин болсо үч өлкөнү эл аралык тынчтык үчүн жоопкерчилик бириктирерин айтып, Украинадагы согушту да аймактык жаңжалдардын бири катары атады. Ал үч лидердин сүйлөшүүсүндө Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо, коопсуздук жана өзөктүк куралды жайылтпоо маселелери каралганын билдирди.
Сүйлөшүүлөр болжол менен бир жарым саатка созулду. Анын жыйынтыгында «Тынчтык декларациясы» кабыл алынды. Документте тараптар стратегиялык туруктуулукту жана эл аралык коопсуздукту колдоого даяр экенин билдиришкен. Ошондой эле БУУну реформалоо, өзөктүк тобокелдиктерди азайтуу жана өзөктүк куралдын жайылышына каршы диалогду улантуу тууралуу макулдашуулар камтылган.
Декларацияда өзөктүк согуш эч качан башталбашы керектиги белгиленип, мындай согушта жеңүүчү болбой турганы айтылган. Ошол эле учурда Украинадагы согуш тууралуу өзүнчө пункт киргизилген жок.
АКШ өкүлдөрү саммиттен конкреттүү келишимдер күтүлбөгөнүн, бул жолугушуу келечектеги талкуулар үчүн баштапкы аянтча катары караларын билдиришкен. Бирок Трамп, Путин жана Синин жолугушуусу Киевде жана бир катар Европа өлкөлөрүндө тынчсыздануу жаратып, Украинага байланыштуу чечимдер украин тараптын катышуусусуз талкууланышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылган.
Шерине