Агартуу министрлиги Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинде 19-ноябрда чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, мектептин 1974-жылы курулган эски имараты 464 чарчы метрди, ал эми 1994-жылы курулган жаңы имаратынын аянты 1160 чарчы метрди түзөт. Мектеп 220 окуучуга ылайыкташтырылган жана ушул тапта 137 окуучу билим алат.
Өрт чыккан эски имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген эки тайпалуу бала бакча жайгашкан. Бала бакчада 31 бала тарбияланат. Өрт чыккан учурда балдар бала бакчада болгон эмес.
Бала бакчанын эмеректери сакталып калган. Ал эми китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, өрт чыккан учурда ал жерде китептер болгон эмес.
Буга чейин Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кызыл-Ой айылындагы орто мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөнгөнүн, кырсыктан жабыр тарткандар жок экенин кабарлаган. (BTo)
Шерине