Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 19-ноябрда Бишкекте “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Лиза Көртисти кабыл алды.
Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жолугушууда Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигинин өнүгүшү, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттыктын” ишмердүүлүгү, мындан аркы кызматташуу талкууланганын билдирди.
“Арслан Койчиев Лиза Көртисти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, “Азатттыктын” ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле сапаттуу журналистиканын, фактыларды объективдүү текшерүүнүн жана жогорку редакциялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду”, - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик катчы ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берди. Лиза Көртис “Эркин Европа/Азаттык” радиосу тыгыз кызматташууга даяр экендигин айтты.
“Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (ЭЕ/АР) миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө. (BTo)
Шерине