Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында (январь айынан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы 10 айына салыштырганда 28,3% же 5 миң 160 фактыга көп.
Укук бузуу жөнүндөгү кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 7 миң 432 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 3 миң 901 адам камакка алынып, 2 миң 362си коомдук ишке тартылган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 31 кылмыш иши козголгон.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 миң 212ге көп болгон.
2025-жылы 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаганы аныкталган. (BTo)
Шерине