ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Баткенде куурап калган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тараткан сүрөт.
Башкы прокуратура тараткан сүрөт.

Башкы прокуратура Баткен облусунун Лейлек районунда “Жашыл чек ара” долбоорун ишке ашыруудагы алешемдиктер боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, Ош экологиялык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө долбоорго 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөй, 95% жакыны куурап калганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG