ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

БШК Оштун мэри шайлоого аралашканы тууралуу маалыматты четке какты

Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров “Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев президенттик шайлоого аралашып, Ошто штабдарды ачып жатат” деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева “Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шайлоого байланыштуу штабдарды ачты” деп айтып, маалымат тарады. Ал маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган экенин билдиребиз. Себеби президент Садыр Жапаров билдирүүлөрүндө “Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпайт. Административдик ресурс колдонулбайт” деп айтып келе жатат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер шайлоого аралашса чара көрүлөт”, - деди ал.

Камила Талиева Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында “Ош шаарынын мэри президенттик шайлоого аралашууга аракет кылып жатканын” айткан.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча, алдыда боло турчу шайлоого штабдарды ачып, “мен чечем” деп аткаруу бийлигинин өкүлү мыйзамдарды бузуп, штаб ачуунун аракетинде жүрөт. Адылбек Алешович, муну карагыла”, - деген ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бийликте турган адамдар шайлоого кийлигишпей турганын, Жанарбек Акаевге байланыштуу маалымат иликтенерин билдирген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин кызматкерлерин, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн өкмөт мүчөлөрүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан бошотуу тапшырмасы коюлган. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG