ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Евробиримдик "сүйлөшүүлөргө толук катышуу шарты менен" өкүлдөрүн Москвага жөнөтүүгө даяр

Эгер Орусия Европа өлкөлөрүн сүйлөшүү процессинин толук кандуу катышуучулары катары тааныса, алардын өкүлдөрү орус-украин согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Москвага келүүгө даяр.

Бул тууралуу Le Figaro басылмасы Франция президентинин администрациясынын өкүлүнө шилтеме берип жазды.

Елисей сарайында Москванын Европа өлкөлөрү менен диалогго расмий мүнөз берүү сунушун позитивдүү сигнал деп аташты.

“Биздин талабыбыз - бул диалогдун башталышы же формалдашуусу орусиялык тарап эми европалыктарды сүйлөшүүлөрдүн толук кандуу катышуучулары катары тааныганын жана алар АКШ менен Украинага катар кийинки айлампага активдүү тартыларын билдириши керек”, - деп билдиришти Эммануэл Макрондун администрациясынан.

19-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын Шэньчжэн шаарында АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушкандан кийин Москва европалык өкүлдөргө Украинанын, Орусиянын жана Европанын коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн келүүнү сунуштаганын билдирген.

Путиндин айтымында, Орусия тарап Европа өлкөлөрү сүйлөшүүлөргө кандай позициялар жана сунуштар менен катышууну көздөп жатканын алдын ала түшүнгүсү келет.

Bloomberg агенттиги кабарлагандай, Франциянын, Германиянын жана Британиянын өкүлдөрү Орусия тарап менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

Кремлде чакыруулар кимдерге жөнөтүлгөнүн такташкан жок. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Франциянын, Германиянын жана Британиянын өкүлдөрүнүн ыктымал келиши алардын Орусия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнө автоматтык түрдө кошулушун билдирбей турганын айтты.

13-ноябрда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери европалык сүйлөшүү тобунун курамын макулдашкан. Тизмеге Германиянын, Франциянын, Британиянын, Италиянын жана Польшанын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери, ошондой эле Еврокомиссия менен Еврокеңештин өкүлдөрү кириши керек.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен европалык сүйлөшүүчүлөрдүн артыкчылыктуу багыттары катары Украина үчүн юридикалык жактан милдеттүү коопсуздук кепилдиктерин жана аны согуштан кийин калыбына келтирүү программасын атады.

Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта коопсуздук кепилдиктерин НАТО менен "каалоочулардын коалициясынын" алкагында талкуулоо зарылдыгын, ал эми аймактык маселелер боюнча чечимдерди Украинанын өзү кабыл алышы керектигин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG