Еврокомиссия Орусияга каршы санкциялардын 22-пакети боюнча сунуштарын жарыялады. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин айтымында, жаңы чектөөлөрдүн алкагында 60тай орусиялык банкты SWIFT эл аралык төлөм системасынан ажыратуу сунушталууда.
Санкциялар Орусияга чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берген криптовалюта платформаларына жана башка төлөм тармактарына да жайылтылат. Бул чаралар Орусиядагы эле эмес, үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан компанияларга да тиешелүү болушу мүмкүн.
Ошондой эле европалык компанияларга Орусиянын энергетикалык инфраструктурасын, анын ичинде мунайды кайра иштетүүчү заводдорду курууга, тейлөөгө жана оңдоого көмөктөшүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Санкциялык тизмеге Орусия мунай экспортунда колдонуп келет делген "көмүскө флоттун" дагы 70 кемесин киргизүү каралган.
Мындан тышкары, Украинадагы согушка катышкан мурдагы орусиялык аскер кызматкерлеринин Евробиримдик өлкөлөрүнө кирүүсүнө тыюу салуу сунушу киргизилди.
Жаңы пакетте орусиялык командалар менен спортчулардын Евробиримдик аймагындагы мелдештерге Орусиянын желеги алдында катышуусун чектөө, расмий орус символикасын колдонууга бөгөт коюу чаралары да бар.
Ошондой эле европалык спорттук жана маданий уюмдарды орусиялык демөөрчүлөрдүн каржылоосун чектөө, ал эми Орусия жарандарынын европалык спорт федерацияларында жетекчилик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салуу сунушталууда.
Мындан сырткары, Еврокомиссия Евробиримдик жарандарына орусиялык компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалоого тыюу киргизүүнү да көздөөдө.