ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу боюнча БУУга билдирүү жөнөттү

Эл аралык кылмыш сотунун имараты.
Эл аралык кылмыш сотунун имараты.

Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунан (ЭКС) чыгуу тууралуу Бириккен Улуттар Уюмуна расмий билдирүү жөнөттү.

Тажикстан Рим статутуна 1998-жылы кол койгон. Өлкө парламенти аны 2000-жылы ратификациялаган. Октябрдын башында тажик парламенти соттон чыгууну колдоп добуш бергенден кийин бийлик БУУга билдирүү жөнөткөн.

Тажикстандын соттон чыгышы туура бир жылдан кийин, 2027-жылдын 20-ноябрында күчүнө кирет.

Тажикстандын тышкы иштер министри Идибек Каландар парламентте соттон чыгуу тууралуу токтом каралып жатканда мындай чечимге «соттун айланасында түзүлгөн кырдаал» себеп болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, сот «мамлекеттер аралык талаштарды чечүүдө саясий басым көрсөтүүнүн куралына» айланган.

«Озоди» радиосу белгилегендей, министр Орусиянын президенти Владимир Путиндин атын атаган жок. Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер берген. Рим статутуна ылайык, Тажикстандын бийлиги Путин өлкөгө келгенде аны камакка алууга тийиш болчу.

Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алуу ордерин 2023-жылдын мартында чыгарган. Ошондон бери ал Дүйшөмбүгө эки жолу, 2025-жылдын октябрында жана 2026-жылдын ноябрында барган. Евробиримдик былтыркыдай эле бул жолу да Тажикстандын бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн сындады.

«Евробиримдик Тажикстандын Владимир Путинди кайрадан кабыл алганына өкүнөт. Эл аралык кылмыш соту аны эл аралык кылмыштар, атап айтканда, Украинага каршы негизсиз жана мыйзамсыз баскынчылык согушунун жүрүшүндө Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарынан балдарды мыйзамсыз депортациялоо жана көчүрүү боюнча айыптап, издеп жатат», — деп жазылат Евробиримдиктин билдирүүсүндө.

2025-жылдын жазында Венгрия да Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу жараянын баштаган. Ал кезде бийликте Орусиянын президентине ыктаган Виктор Орбан турган. Петер Мадьяр бийликке келгенден кийин Венгриянын парламенти бул чечимди жокко чыгарган.

​
XS
SM
MD
LG