Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Арча капчыгайында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө адам фактору себеп болгонун, бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди.
Бул тууралуу ал 23-ноябрда Жогорку Кеңеште чукул кырдаалдарда адамдарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.
Канатбек Чыныбаевдин сөзүнө караганда, Амир Кунакунов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураганда анын өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калган.
Ушул тапта бул окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында жоголуп, сөөгү 9-ноябрда табылган. Жакындарынын айтымында, Амир 7-ноябрда эртең мененки саат жетилер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткен.
Кунакунов кечке жуук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өзү чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. Куткаруучулар өспүрүмдү табышкан эмес.
Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу министр Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш берген. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алган.
Кийин Азис Эгембердиев кармалып, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов да кызматынан бошотулган.
Амирдүн өлүмү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сын дооматты күчөттү. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр тергөө абагында камакта жаткан Максат Кунакуновдун уулу болгон.
Шерине