21-ноябрдын кечинде орусиялык учкучсуз учактын соккусунан Киев облусунун Вышгород шаарына жакын Дымер кыштагындагы беш кабаттуу турак үйдүн бир подъезди толугу менен кыйрады.
Уранды астында адамдар калган болушу мүмкүн, куткаруу иштери жүрүп жатат.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматында, тогуз адам эвакуацияланып, экөө жабыркаган. Уранды астында сегиз адам болушу ыктымал.
Украинанын Аба күчтөрүнүн билдирүүсү боюнча, Орусия түн ичинде Украинага 186 учкучсуз учак менен чабуул жасаган, алардын 161ин атып түшүрүүгө мүмкүн болгону айтылууда. Алардын 18и бутага тийгени кабарланды. Бул тууралуу көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Украинанын мамлекеттик мекемелери Запорожьеге чабуул жасалганын, анын кесепетинен эки киши жабыркаганын билдирди. Харьков облусунун Лозовая шаарында бир адам жараат алган, Чернигов облусуна да чабуул коюлган. Мындан тышкары, фронтко жакын Сумы жана Донецк облустарындагы аткылоолордон жабыркагандар бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожьедеги көмөк чордонго, Одесса облусундагы Килия портуна жана Кара деңиздеги жүк ташуучу кемеге сокку урулганын билдирди.
Шерине