ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:05

"Чалдыбар" өткөрмө бекетинде унааларга бир жылдык чектөө кирди

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрмө бекети. Архив.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрмө бекети. Архив.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар – автожол” өткөрүү бекетине бир жылга убактылуу чектөө кирерин 23-ноябрда билдирди.

25-ноябрдан тарта бул бекет аркылуу жеңил жана жүк ташуучу унааларга, автобустарга эки багытта тең өткөрүү толугу менен токтотулат. Мындай чектөө Казакстандын “Сыпатай Батыр – автожол” өткөрүү бекетиндеги курулуш иштерине байланыштуу киргизилип жатат.

“Жарандар мамлекеттик чек арадан жөө тартипте мурдагыдай эле өтө алышат”, - деп жазылган маалыматта.

Казакстан тарап капиталдык курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүп, автоунааларды өткөрүүнү жандандырарын билдирген.

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен Казакстандын калган өткөрмө бекеттери кадимки шартта иштеп жатканын кабарлады.

​
XS
SM
MD
LG