Ички иштер министрлиги 2023-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттен кармалганын билдирди. Мекеме 23-ноябрда билдиргендей, бул укук коргоо органдарынын эл аралык кызматташтыгынын негизинде ишке ашкан. Алардын ичинен 132 киши экстрадициялоо жана депортациялоо менен Кыргызстанга кайтарылган.
Мындан тышкары башка мамлекеттердин укук коргоо органдарынын демилгеси менен Кыргызстандан 96 чет өлкөлүк колго түшүрүлгөн.
Министрлик эл аралык издөөдө уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелген адамдарга көңүл бурууда. Мунун алкагында Италиядан эки киши – кылмыштуу топту уюштурууга жана анын ишмердигине катышууга шектелген С.И.Ю. жана өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген А.Н. кармалган.
Бириккен Араб Эмиратынан, Таиланддан адам өлтүрүүгө шектелген жарандар колго түшүрүлгөн.
“Мындан тышкары, Болгарияда Түркиянын жараны Д.С. кармалды. Ал жалпы салмагы 436 килограммды түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди аткезчилик жол менен ташууну уюштурууга шектелүүдө. Баңгизат Түркиядан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Грецияга жеткирилип, төрт жүк чиркегичинин металл конструкцияларынын ичине жашырылган", - деп жазылган маалыматта.
Шерине