ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Элдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин иши сотто карала баштайт

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши карала баштайт.

Райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, отурумда алдын ала угуу өтөт. Кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганы үчүн процесс жабык болот.

Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Анын артынан эле УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов кармалган.

Биринчи май райондук сотунун маалыматында, Бердибек Боронбаев 27-ноябрга, Айбек Ташматов 20-декабрга жана Тилек Абдыкалыков 15-декабрга чейин камакта калтырылды.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген.

​
XS
SM
MD
LG