Өзбекстандын Юстиция министрлиги латын арибине өтүү тартиби боюнча өкмөттүн жаңыланган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Gazeta.uz басылмасы жазганына караганда, өзгөртүүлөр документтерди тариздөөгө, билим берүү тармагына, жалпыга маалымдоо каражаттарына, соодага, банк тиркемелерине жана мамлекеттик маалыматтык системаларга таасирин тийгизет.
Документтин коомдук талкуусу 6-декабрга чейин уланат.
Долбоорго ылайык, 2027-жылдын 22-апрелинен тартып ID-карталар, чет өлкөгө чыгуу паспорттору, айдоочулук күбөлүктөр, автоунаанын техникалык паспорту жана кадастрдык документтер жаңыланган алфавит менен таризделе баштайт. Буга чейин берилген документтер күчүндө кала берет. Эски бланктарды колдонууга 2028-жылдын 1-январына чейин уруксат берилет.
Жаңы жана эски жазуу эрежелери боюнча даярдалган документтердеги аты-жөн айырмачылыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз болбошу керек экени көрсөтүлгөн.
Билим берүү тармагында өтүү этабы менен жүрөт. 1–11-класстар үчүн окуу китептерин жаңылоо 2027–2031-жылдарга пландалган. Биринчи класстын окуучулары жаңы окуу куралдары менен 2027/2028-окуу жылында эле билим ала баштайт. Улуураак класстардын окуучулары үчүн орфографиялык талаптарды баалоодо убактылуу жеңилдиктер каралган.
Товар өндүрүүчүлөр үчүн дагы өтүү мезгили белгиленет. 2027-жылдын апрелинен 2028-жылдын апрелине чейин таңгактарда эски жана жаңы жазууну катар колдонууга уруксат берилет. Андан кийин жаңы алфавит жаңы даярдалган таңгактар жана этикеткалар үчүн милдеттүү болуп калат. Мурда чыгарылган материалдарды 2029-жылдын апрелине чейин пайдаланууга болот.
Реформа шаардык инфраструктураны да камтыйт. Бийлик дүкөндөрдүн жана тейлөө жайларынын көрнөк-жарнактарын, маалыматтык такталарды, жол көрсөткүчтөрүн, аялдамалардын аталыштарын жана транспорт объектилериндеги маалымат такталарын акырындык менен жаңылоону көздөөдө. Бирок бардык көрсөткүчтөрдү бир учурда алмаштыруу планы жок.
Жаңыланган алфавитке жалпыга маалымдоо каражаттары жана басма продукциялары да өтүшү керек. Ошол эле учурда долбоордо ЖМКлар өзбек тилиндеги материалдарды кириллица менен жарыялоону уланта алабы же жокпу, так көрсөтүлгөн эмес.
Өзгөрүүлөр банк тиркемелерине, төлөм терминалдарына жана мамлекеттик маалыматтык системаларга да тиешелүү болот. Мындан тышкары, бийлик өзбек тили үчүн бирдиктүү клавиатура стандартын иштеп чыгып, OpenAI, Google, Anthropic жана Meta сыяктуу технологиялык компанияларга жасалма интеллект тутумдарын жаңы орфографиялык эрежелерге ылайыкташтыруу сунушу менен кайрылууну пландап жатат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алфавитти жаңылоо тууралуу мыйзамга 2026-жылдын 21-октябрында кол койгон. Ал 2027-жылдын 22-апрелинде күчүнө кирет.
Өзбек тилинин латын графикасына өтүү процесси 1993-жылы башталган. Азыркы реформа O‘, G‘, Sh жана Ch тамга айкалыштарынын ордуна Ö, Ğ, Ş жана Ç өз алдынча тамгаларын кайтарууну карайт. Натыйжада жаңыланган өзбек алфавити 28 тамга жана бир апострофтон турат.