Жапаров жергиликтүү бийликти шайлоочуларды добуш берүүгө үндөөгө чакырды

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдыдагы шайлоодо кайсы бир талапкердин пайдасына үгүт жүргүзүүгө милдеттүү эмес экенин эскертти. Бул тууралуу ал 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде айтты. Ошол эле учурда мамлекет башчысы алар жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

“Аким, губернатор, айыл өкмөттөр шайлоо күнү пассивдүү болбой, эл аралап, “шайлоого бар, кимди шайласаң да шайлоого катышып кой” деп өзүңүздөрдүн аймактарыңыздардагы тургундарды катыштырууга милдеттүүсүздөр”, - деди Жапаров.

Президент соңку шайлоолордо катышуу төмөн болуп жатканын, буга байланыштуу шарт түзгөн өзгөртүүлөр, аралыктан добуш берүү боюнча мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи.

Президенттик шайлоону 27-январга – аптанын шаршемби күнүнө коюлушунун бир себеби да добуш берүүнүн көрсөткүчүн көбөйтүү аракети болгонун түшүндүрдү.

Келерки жылдын башында өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн 11 жаран арыз берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын, мындай көрүнүш катталса, чара көрүлөрүн убадалаган.

Дагы караңыз

Өзбекстан жаңы алфавитке өтүү эрежелерин жарыяладыЕврокомиссия Орусияга каршы санкциялардын 22-пакетин сунуштадыЭлдар Жакыпбеков коюлган айыпка макул эместигин адвокаты билдирдиТажикстан Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу боюнча БУУга билдирүү жөнөттү