Таластагы мушташ: Шектүүлөрдүн бири милиция кызматкери

ИИМ тараткан коллаж сүрөт.

Ички иштер министрлиги Талас шаарында бир адамды бир топ киши сабаган окуя боюнча козголгон кылмыш ишиндеги айып Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") өзгөртүлгөнүн 24-ноябрда билдирди. Буга чейин Талас облустук милициясы бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун маалымдаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, кармалган тогуз кишинин бири милиция кызматкери. Ошондой эле 17-ноябрда жана 20-ноябрда болгон эки өзүнчө окуя тууралуу маалымат берилди.

Тергөө маалымдагандай, 17-ноябрда 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. Таластагы соода борборлорунун биринин жанында С.Н. аттуу жаранды сабап, кийин аны шаардын четиндеги ипподромго алып барып ур-токмокко алууну уланткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, Т.Н. жана А.Ш. кармалган.

Экинчи окуя 20-ноябрга караган түнү катталган. Анда А.Ш. аттуу жаранга бир топ киши кол салып, сабаган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөнү айтылууда. Бул окуяга байланыштуу 1994 жана 1995-жылы туулган жети адам кармалган.

Белгилей кетсек, сабалды делген А.Ш. аттуу жарандын инициалдары 17-ноябрдагы окуяда адам сабоого шектелип кармалган А.Ш.нын инициалдары менен дал келет. Бирок ИИМ алар бир эле адам экенин ырастай элек.

Сот кармалган тогуз адамдын бөгөт чарасын карап, камакка алган.

Дагы караңыз

Элдар Жакыпбеков коюлган айыпка макул эместигин адвокаты билдирдиЖапаров жергиликтүү бийликти шайлоочуларды добуш берүүгө үндөөгө чакырдыИран өкмөтү энергия каатчылыгы тууралуу эскерттиӨзбекстан жаңы алфавитке өтүү эрежелерин жарыялады