Аламүдүндүн жогорку аймагында казуу иштерине мораторий киргизүү сунушталды

Боз-Бөлтөк. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк айыл аймагында казуу иштерин жүргүзүүнү токтотууга чакырды. Бул маселени ал 25-ноябрда парламент жыйынында көтөрүп, Аламүдүндүн жогору аймактарында казуу иштерине мораторий киргизүүнү сунуш кылды.

"2022-жылы президентибиз жарлык чыгарып, Боз-Бөлтөктү корук катары коргоону тапшырган экен. Ага карабай, ал жерде карьерлер иштеп жатыптыр. Бир сунуш бар эле – Аламүдүн районунун жогорку аймактарында мораторий киргизип, кум-шагыл казууга, иштетүүгө тыюу салып, экологиябызды сактап калбайлыбы деген ой", - деди Алымбеков.

2023-жылы "Азаттык" президенттин Боз-Бөлтөктөгү кум-шагыл казууну токтотуу, аны тарыхый-архитектуралык корукка айлантуу жөнүндөгү тапшырмасы аткарылбай жатканы боюнча иликтөөсүн жарыялаган.

Ошол жылы маселе Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинде көтөрүлүп, өндүрүш ишканалары жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, “Кызыл китепке” кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар жок болуп, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттар кыскарып жатканы айтылган.

Кийин өкмөт Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы чакан корук ачыла турганын билдирген. Мындай чечим Байтик баатырдын ысымын түбөлүккө сактоо жана жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында кабыл алынып жатканы, ал жерге тарыхый-маданий корук макамы берилери кабарланган.

Дагы караңыз

Украина: Соңку чабуулда набыт болгондордун арасында ымыркай бар Иранда хижабсыз ырдаган Парасту Ахмадини 74 жолу балак уруп жазалаштыӨзбекстан бөтөн армиядагы кызмат үчүн жазаны күчөтмөй болуудаЖапаров жергиликтүү бийликти шайлоочуларды добуш берүүгө үндөөгө чакырды