Иранда "коомдук адеп-ахлакка шек келтирүү" айыбы боюнча соттолгон 29 жаштагы ырчы Парасту Ахмадиге жана үч музыкантка карата чыгарылган өкүм ишке ашырылды.
Кылмыш ишинин козголушуна ырчы хижабсыз ырдаган концерттин онлайн-трансляциясы себеп болгон. Бул тууралуу "Фарда" радиосу кабарлады.
Ахмадиден тышкары музыканттар Сохейл Фагих-Насири, Амин Тахери жана Амирали Пирниа, концерттин уюштуруучусу Мохсен Лашкариге 74 жолу балак урулду.
Судья соттолгондорго эки жыл бою чыгармачылык менен алектенүүгө жана өлкөдөн чыгууга тыюу салды.
Кылмыш ишин козгоого негиз болгон концерт 2024-жылдын 11-декабрында Кум шаарына жакын тарыхый Дейр-Гачин кербен сарайында өткөн.
Көрүүчүлөрсүз концерт Ахмадинин YouTube-каналында түз көрсөтүлгөн. Ырчы чыгармаларды башы ачык, жеңи жок көйнөк кийип, эркек музыканттардын коштоосунда аткарган.
Июнь айында сот Ахмадини жана дагы сегиз адамды "коомдук адеп-ахлакка шек келтирүүгө" күнөөлүү деп тапкан. Айыпталуучулар өздөрүн күнөөлүү деп таанышкан эмес.
Шерине