Эстония Орусия менен чек арасын жабат, Москва буга нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эстония 1-декабрдан тартып Орусия менен чек ара пункттарын кеминде алты айга жапканы жатат. Коопсуздук чарасы деп түшүндүрүлгөн чечим жарыяланары менен Москва менен Таллин ортосунда кайым айтыш күчөдү. Орусия муну «ачык согуш жарыялоого жакын кадам» десе, Эстония мындай билдирүүнү көнүмүш орус пропагандасы деп мүнөздөдү. Орусиянын Украинага каршы согушунда Таллин эң башынан Киевди жигердүү колдоп келатат.