Былтыр 340 эрте нике фактысынын 64ү боюнча гана иш козголгону айтылды

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда былтыр жашы жете электердин никеге турушуна байланыштуу 340 факт аныкталганы менен алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын бул маалыматын өлкөнүн акыйкатчысынын кеңсеси жарыялады. Мекеме балакатка жете электердин никеге туруп, кош бойлуу болушуна тыюу салган мыйзамдар канчалык аткарылып жатканын изилдеп, атайын мониторинг жүргүзгөн.

Мониторинг Президенттин администрациясына караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргеликте Нарын жана Ысык-Көл облустарынын Кочкор, Ат-Башы, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда ишке ашырылганы маалым болду.

Изилдөө жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин көрсөттү. Атап айтканда, айрым райондордо эрте никени алдын алуу боюнча иш-чаралар билим берүү бөлүмдөрүнүн планына да киргизилген эмес. Ошондой эле эрте турмушка чыккан кыздардын окуусун улантуусу жана мектепти бүтүрүүсү көзөмөлдөнбөй турганы аныкталган.

Жети-Өгүз районунда, мисалы, 2025-жылы каралган 10 жана 2026-жылы берилген беш арыздын баары боюнча жашы жете электерге никеге турууга уруксат берилген. Кочкор районунда 2025-жылы эки, 2026-жылы дагы эки өспүрүм кызга турмушка чыгууга уруксат берилген. Алардын баары кош бойлуу болгон. Тоң районунда өткөн жылы беш, быйыл бир арыз түшкөн.

Мониторинг мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу жетишсиз экенин да көрсөткөн. Жети-Өгүз райондук төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, акыркы бир жарым жылда жашы жете элек эки кыз төрөгөн. Бирок райондук ички иштер бөлүмү 2025-жылы эрте нике боюнча фактылар катталбаганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөдө жашы жете элек 327 кыз кош бойлуу болуп, каттоого алынган, алардын 315и төрөгөн. Төрөгөндөрдүн төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. 39 өспүрүм кыз бойдон алдырган.

Кыргызстандын мыйзамында нике курагы 18 жаштан жогору деп белгиленген.

Дагы караңыз

Евробиримдик бюджет маселесинде орток пикирге келе алган жокОрусияда ракета отунун чыгарган завод жана ЖЭБ бутага алындыӨкмөт жыл аягына чейин жете тургандай күйүүчү май бардыгын билдирди Украина оккупациядагы аймактардан дагы тогуз баласын бошотуп алды