ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Өкмөт жыл аягына чейин жете тургандай күйүүчү май бардыгын билдирди

Кыргызстан кара майдын көпчүлүк көлөмүн Орусиядан сатып алат. Иллюстрация сүрөт.
Кыргызстан кара майдын көпчүлүк көлөмүн Орусиядан сатып алат. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда бензин менен дизелдик отундун запасы жыл аягына чейин жетиштүү. Бул тууралуу 27-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде айтылды.

Жыйында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, калкты күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда мунай ташуучулардын кампаларындагы, «Жунда» жана «Кыргызнефтегаз» ишканаларындагы, ошондой эле ташылып келе жаткан бензин менен дизелдик отундун көлөмү жыл аягына чейинки муктаждыкты жабууга жетет.

Касымалиев тиешелүү мекемелерге күйүүчү майдын баасындагы айырманы субсидиялоону улантуу, мамлекеттик колдоо механизмдерин кайра карап чыгуу, ички рынокту бензин менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдорду жаңылоо жана экспорт-импорт маселелерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан жыл сайын 1,4 миллиондон 1,85 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын, анын ичинде бензин, дизелдик отун жана суюлтулган газ керектейт. Мурда анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолчу.

Кийин Орусияда Украинанын дрон соккуларынан мунай ишканалары жабыркап, өзүндө тартыштык жаралганда кыргыз өкмөтү башка жолдорду да издөөгө киришкен. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан өлкөлөр катарында өкмөт Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжанды атаган. Ал эми жеке нефтетрейдерлер Түркия жана айрым Европа мамлекеттери менен да талкуу жүрүп жатканын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG