Ал Кыргызстанга качып келгенин, кыргыз бийлигине кайрылып жарандык берүүнү өтүнүп, кайра артка баруудан баш тартып жатканын билдирди. Маектешибиздин өтүнүчү менен аты өзгөртүлүп, ысымын шарттуу Каныбек деп атадык.
"Бир бутум иштебей калды. Көптөгөн балдар өлүп кетти. Карасам иштебеген бутум менен дагы согуш талаага жөнөткүлөрү бар, анан айласын таап Кыргызстанга качып келдим".
Каныбек Орусия армиясынын катарында кызмат кылып, Украинадагы согуштан жарадар болуп, араң кутулуп, Кыргызстанга качып келгенин айтууда. Ал бир жылга жакын убакыт согуш талаасында болуп, бир нече жолу жаракат алганын кеп салды.
"2023-жылы камакта отуруп, төрт ай калганда моралдык жактан басым башталып, ар кандай коркутуулар, кыйноо болуп, согушка барууга мажбур болдум. Мени алып кетүүгө келгенде дагы барбаганга аракет кылдым, бирок калып калууга мүмкүн болгон жок. Администрация азыр атайын бөлүк келип, сени баарыбир алып кетишет деп айтышты. Ошентип Украинадагы согушка түшүп калдым, ал жакта бир жылга жакын убакыт жүрдүм, бир нече жаракат алдым. Мени федералдык издөөгө беришкен, азыр эл аралык издөөгө киргизип коюшуптур. Командирден "Кыргызстанга деле жетебиз" деген коркутуулар болуп жатат. Жакшы эле артымдан түшүшкөн окшойт деп ойлоп жатам".
Каныбек Орусияга ата-энеси менен кеткен миңдеген мигрант балдардын бири. Ал 2011–2012-жылдары апасы менен Москвага барып, ошол жакта окуп, Орусиянын жарандыгын алган. 2023-жылы уурулук жана тоноо беренелери боюнча соттолуп, 2,5 жылга эркинен ажыратылган.
"Үгүттөөлөр болот, Коргоо министрлигинен келип, соттолгондорду чогултуп алып айтышат. Болбогон бир шылтоо үчүн ШИЗО, карцерге камайт. Ар кандай адамгерчиликсиз мамиле кылат, сөгөт. Ошонун арасында эле келишимди сунуштап турат. Ооруп калсаң медициналык жардам көрсөтпөй, тамак-аш бербей, чектеп, кыштын күнү жер төлөдө отурасың. Мунун баары көпкө созулбайт эле… Мен согушка барууну эч каалаган эмесмин, чыкканга төрт айым эле калса эмнеге ал жакка бармак элем? Мени барууга мажбурлашты".
Биздин маектеш 20 күндөй гана машыгуудан өткөндөн кийин Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн айтып берди. Ал Украинанын Запорожье облусунда болгон.
“Мага тапшырма берип, штурмга жөнөтүштү. Жараат алып, бирок тирүү чыктым. Ооруканага жөнөтүштү. Орусиянын өзүндө бир аз убакыт жүрдүм, аскер полициясы дайыма көзөмөлдөп турат. Толук дарыланып бүтө электе эле согушка алып кетишти. Техниканы кайтарасыңар деген, ал жерде эч кандай техника жок экен. Кайра эле алдыңкы катарга кое беришти. Биринчи барганда деле алдап жөнөткөн. Батальондун командири "бир позицияга барасыңар, ал жерде эч ким жок, көзөмөлдөп эле отурасыңар байкап" деген. Көрсө пулёмоттун позициясы экен. Тапшырманы аткарбасаңар өлтүрүп коебуз деп коркутушту, баш тарткан учурда кышкысын кийими жок жертөлө , чуңкурларда калган учурлар болду. Ар кандай жагдайда ар түрдүү жараат алып жаттым, кол, бут, бет, өпкө, жүрөк жакта деле дрон сыныгы бар. Ооруканага жаткырышат, бирок өтө тез кайра катарга чыгарат. Ар алты айда отпуск берет деген дагы жалган, жылдап отпуск ала албай жүрүшөт”.
Каныбектин ата-энеси эки башка жолго түшкөн. Ал жалгыз бой эненин ишенген таянычы. Апасын ойлоп, өмүрүн сактап калуу үчүн Кыргызстанга качып келгенин айтты.
"Командир бир бутум иштебей калганына карабай катарга чыгасың деп он күн убакыт берди. Ал жакта (госпиталда) Орусияга чыгып кеткенге жардам берген адамдар бар. Алардын жардамы менен чек арага чейин келип, айласын таап качып келдим. Биринчи аксап балдак менен жүрдүм. Убакыт өткөн сайын дрон сыныктарын организм өзү түртөт экен. Ошондой болгондо дарыгерге барып алдырып жүрөм”.
“Азаттык” Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп, жакында Кыргызстанга кайтып келген дагы эки кыргызстандык менен сүйлөштү. Алар да абактарда соттолгондорду согушка тартуу ар кандай басым, азгыруу жана коркутуу менен коштолорун айтып беришти.
Алардын бири кыргызстандык Алишер (аты өзгөртүлдү) маңзат колдонууга айыпталып, эки жылга соттолгон.
"Үгүттөө деле этап менен жүрөт. Алгач акча сунуштайт. Азыр көп нерсени акча чечип калды. Ага алданбагандарга психологиялык, моралдык, физикалык басым болот. Көбү эле акчага алданат, билип эле кетишет. Ал жакта деле телефондору болот да, барып алып "келбегиле, жаман экен" деп согушту сүрөттөп айтып беришет. Ошону угуп деле кетип калгандар болот. Түрмөдөн баргандарды согушта биринчи этапка, "эт" болчу жерге жөнөтөт. 15 күндөй гана машыктырып алып кете берет. Кээ бирөөлөр бир аптадан кийин, мылтыкты кантип атканды үйрөнгөндө эле кете беришет. Бир Калашников мылтыгын, бир ок берип ташырмага жөнөтөт, аны аткарбасаң өлөсүң. Согуш башталганы ар кандай азгырыктар көбөйдү. Мисалы, жолго паролу жок акча чыгарса боло турган карталарды таштап коет. Аны таап алган адам 50 сом чечип алса дагы "алдамчылыкка" айыпталып соттолуп кете берет. Азыр сот кармалгандарга болушунча көп мөөнөт берип жатат. Орустардын өздөрү согушка барбайт, көптөрү өлкөдөн чыгып кеткенге аракет кылышат. Ошонун ордун мигранттар менен толуктап жатышат".
Ал эми Жаныбек Москвага 19 жашында кеткен. Ал бейбаштык, денеге оор залал келтирүүгө айыпталып соттолгон. Ал абакта отурганда “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын өкүлдөрү согушка чакыра баштаганын эскерди:
"Кыргыз балдар менен эле мушташып, ортодо бычак колдонуп кетип кармалып калгам. 2022-жылы «Вагнер» келип согушка алып кете баштаган. Киргенде СВОго (атайын аскердик операция - Орусия Украинадагы согушту ушинтип атайт, ред.) мүмкүнчүлүк бар, жарандыгына карабайт дешти. Түрмөнүн жакшы жери жок, кыйнамай, эзмей, бири-бирине окшош күндөр адамды жеп коет. Рейд, текшерүүлөр улам боло берет. Жаңжалчы балдар туруп-туруп эле жок болуп кетишчү. Алар түз эле "бизге баш кесерлер керек" деп айтышчу. Кийин Коргоо министрлигинен келе баштады. Алар режимди эле күчөтүп, улам кыйнай берет. Кичине эле төшөгүң кыйшайса, чачың бир аз өссө, "жакаң кыйшайды" деп эле шылтоо кылып карцерге жөнөтөт. Же жумушка чыгасын дейт, кулдай иштеп айына 78 рубль айлык аласың. Башка улуттагыларды жарандык беребиз, акча, мунапыс берилет деп кызыктырат. Мен дагы бир сыйра кызыктым эле. Ал жактан алып кеткенден кийин чоң кампага алып барат экен, аңгар деп койот. Ал жерде паспорттор тизилип турат, кол коюп алып кете берет экенсиң. Ошол жерден 400 миң колуңа берет экен, бирок кийинки акчаларды бербейт деп айтышты. Биз менен отурган эки оштук бала кетип, дайынсыз жоголуп кетишкен. Кийин сөөгү табылыптыр. Табытка эки сөөктү эле салып жөнөтүптүр. Минага жарылып, денеси чачырап кетиптир".
Соңку жылдары Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын согушка тартуунун ар кандай жолдорун колдонуп келет. Алардын айрымдарына алгач орус жарандыгын берип, андан соң өз жараны катары Украинадагы согушка жөнөтүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Каныбек сөздү согушта көргөндөрүн айтып берүү менен улантты.
“Согуш талаасында 230 миң деп айлык берет. Бирок рота өзүн-өзү каржылайт. Тамак-ашка, ок өтпөс жилет, повербанк, жип сыяктуу чукул кырдаал учурда керек болгон нерселерди бүт өзүбүз сатып алабыз. Ал жакта кыш-жай айырмасы жок, жер төлөдө жашайсың. Ал жакта наркотикалык таблетка таратылат. Аны колдонгондордо коркуу сезими жоголуп, уйку качат, жүрөк кыйналат”.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да Орусияда согушка азгырылып же мажбурланып кеткен кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар түшүп жатканын ырастаган. Жакында эле бул маселе кыргыз парламентинде дагы көтөрүлүп, министр Жээнбек Кулубаев аскер комиссариаттарына чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кеткен учурлар тууралуу айткан:
"Эгерде биз убагында билип калсак аларды токтотуп калып жатабыз. Аскер комиссариаттарында же чакырып, тергөө изоляторуна алып барып кол койдуруп алып кетип жатышпайбы. Эгер ошону билип калсак, көптөгөн мигранттарды токтотуп калдык. Бирок кээ бир мигранттар айтпай кетип калып, баргандан кийин ата-энелери билип бизге кабар берип жатышат. Эгер ошондойлор болсо бизге арыз жазса, биздин Украинадагы элчилик аркылуу аларга чыгып, чыгарганга аракет кылып жатабыз. Көптөрү айтпай жатышат, жарадар болгондо же каза болуп калганда эле билип калып жатышат. Ата-энелери деле билбей калып жатат. Согушка кетип калгандан кийин чыгаруу бир топ оор болууда. Эгер кайсы аскер бөлүктө, кайсыл жерде экенин билсек, аракет кылабыз".
Тышкы иштер министрлиги азырынча канча адамга жардам көрсөтүлгөнү жана алардын кийинки тагдыры тууралуу маалымат бере элек.
Министрликтин Консулдук департаментинин экинчи катчысы Эсенбек Эргешов айрым кыргыз жарандары аскердик аракет күчөп турган аймактарга ашпоз, айдоочу, кароолчу болуп барып, андан ары согушка тартылып жатканын маалымдады.
"Кыргызстандын жарандары Орусияга барганда миграциялык мыйзамдарды так сакташы керек. Көпчүлүк анчейин көңүл бурбай, туура эмес келишимге кол коюп алган учурлар болуп жатат. Ушул жерде көңүл бурчу жагдай, эмгек келишимине кол коёрдо ар бир жаран сөзсүз ар бир пункту менен таанышып чыгышы зарыл. Жумуш берүүчү жөнүндө толук маалымат алыш керек. Азыр интернет, ачык булактар бар. Ар бир компания, уюм, жетекчи тууралуу кеңири маалымат алса болот. Келишимге экинчи тараптан ким кол коюп жатат? Жада калса ал иш берүүчүнүн паспортундагы кол тамга келишимдегиге дал келеби, жокпу, текшерсе болот. Мына, өзүңүздөр да чагылдырып жүрөсүздөр, айрым жарандар жакшы карабай эле аскердик келишимдерге кол коюп алып жатышат. Кээ бирлери маянасына кызыгып, ашпоз, айдоочу, кароолчу болуп, аскердик кырдаал күчөп турган аймактарга барууга макул болууда. Андан ары согушка тартылып кетип жатат".
Орусиянын бийлиги абактагыларды согушка мажбурлап жөнөтүү тууралуу маалыматтарды четке кагып, аскердик кызматка келишим менен, өз ыктыяры менен кошулгандар гана жөнөтүлөрүн айтып келет.
Украинадагы согуштан кайтып келген кыргызстандыктардын так саны белгисиз. Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобековдун айтымында, алардын айрымдары мекенинде жалданмачылык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан чочулап, жашырынып жүрүшөт.
"Орус-украин согушуна катышып келген кишилердин биринчи кезекте психологиялык калыбына келтирүү маселеси турат. Азыркы учурда Орусияда оор жана өтө оор кылымштарды жамсаган учурлар көбөйдү. Согушту көрүп, кан көрүп келген адамдардын психологиясы өзгөрөт, канадйдыр бир травма алат. Ал эми бул согушта 10-15% борборазиялыктар дагы бар, алардын көбү эле өлүп калган жок. Алар Кыргызстанга келсе жалданмачылык боюнча соттойбуз деп, Орусияга барса согушка алып кетебиз дешип, ал кишилер эки мамлекеттин ортосунда калып калды. Буларды эч бир тарап психологиялык жактан жашоого даярдаган жери жок. Ошондуктан алар жашырынып жүрүшөт. Алар дагы оор кылмыш кылбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан жабык болсо да, анонимдүү болсо дагы психологиялык жактан, документ жагынан маселесин чечүү жагын карашы керек.
Токтобековдун айтымында, согуштан кайтып келгендер мекенинде кандай жашоо улантарын билбей калган учурлар бар. Орусияда мигранттарды согушка тартуу аракеттери токтой элек.
Октябрь айында Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн — Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан 20 миң 437 жаранды тартканын билдирген. Бул Орусиянын армиясында кызмат өтөп жаткан, тек-жайы аныкталган чет элдик жалданма жоокерлердин 44 пайызын түзөт. Алардын 2 миң 219у Кыргызстандын жарандары экени айтылган. Учурда Орусиянын жабык жайларында жалпысынан 1500дөй кыргызстандык отурат.
Буга чейин Орус армиясынын катарында Украинада согушка катышкан үч жаран Кыргызстанда сот жообуна тартылган.
Эми Каныбек дагы кыргыз бийлигине кайрылып, согуштан алып калууну суранып жатат.
"Кыргыздарды согуш талаасынан көп эле көрдүм. Акчага алдангандар, мендей болуп мажбурланып, алданып барып калгандар бар. Азыр деле алардын айрымдары менен жазышып турам. Көптөрү дайынсыз болуп кетишти. Мен Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткан эмесмин. Менин күбөлүгүм бар. Мен өзүм келип алдым, бирок азыр кыргыз бийлигинен паспорт берип, согушка кетирбей алып калышын суранам. Эми барсам тирүү кайтпайм, качып кетип кайра баргандар эмне болгонун мен жакшы билем. Мени менен барган 39 кишинин жетөө гана тирүү калган”.
"Кызмат" мамлекеттик мекемеси Каныбектин жагдайы боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, анын документтери атайын текшерүүдө турганын ырастады.
"2026-жылдын 15-сентябрында "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 06-05 Ноокат райондук калкты тейлөө боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2003-жылдын 7-декабрында туулган жарандын Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтери кабыл алынган. Аталган жарандын арызы тиркелген документтери менен бирге компетенттүү мамлекеттик органдарга макулдашууга жана атайын текшерүү жүргүзүүгө жөнөтүлгөн. Учурда документтери атайын текшерүүдө турат”.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.
Шерине