Кундузда жалаң кыздар ууланды

Калемсап жана мааша. Билим алгысы келген келин-кыздарга эскертүүбү?

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясындагы бир нече мектепте өткөн дем алыш күндөрү окуучу кыздар капыстан эле эстен танып жыгыла башташты. Бул окуя жергиликтүү бийликтерди эле эмес, жалпы калкты да дүрбөлөңгө салды. Көпчүлүгү муну кыздардын билим алышын исламга жат жорук деп эсептеген "Талибан" кыймылынан көрүп жатышат.
Биринчи окуя өткөн аптада шаршемби күнү Кундуздагы Фатиматхул Зохра мектебинде катталды. Бул күнү таламандын тал түшүндө эле 23 кыз эс-учун жоготуп, жыгылып калышты. Анын соңунан ишемби күнү түштөн кийин Хадижатул Кубра орто мектебинде 47 кыз ушундай абалда ооруканага жеткирилди. Жекшемби күнү окуя Сахе Дарра мектебинде кайталанды. Бул жерде 13 кыз эстен танып жыгылды.

Алардын баары башы ооруп, көңүлү айнып жатканына даттанышты. Жергиликтүү дарыгерлер кыздардын баары ууланган деген бүтүмгө келишти. Бирок кантип, эмнеден ууланганын эч ким аныктай алган жок.

Бул окуя жергиликтүү бийликтерди, жалпы эле аймактагы калкты дүрбөлөңгө салды. Провинциядагы өкмөттүн өкүлү иш дароо териштириле баштаганын, эстен танып калган кыздардын баарынан кан алынып, текшерткени Кабулга жөнөтүшкөнүн кабарлады.
"Муну ким кылса да , Кудай аларды жазаласын. Мен түнү бою башым ооруп, уктай албай чыктым", - деп айтты окуучу кыздардын бири.

Мугалимдер, ата-энелер, окуучулар муну талиптерден көрүштү. Бул пикирге жергиликтүү бийлик өкүлдөр да кошулуп, "Талибан" кыймылы кыздардын билим алышына башкача ыкма менен каршылык көрсөтүүнү чечкен окшойт деп болжолдошот.

"Бул исламга сыйышпаган иш. Муну ким жасаса да, мен аны канкор деп эсептейм. Бул жалпы ооган калкына жасалган анык карасанатайлык", - деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Кабулда президенттин басма сөз катчысы Вахид Омар иштин баары түгөл иликтенип чыгат деп ишендирди. Анын айтымында, "кыздарды уулантуу – жеткен жексурдун гана колунан келе турган иш, атүгүл муну террордук иш деп аташ керек. Балдардын мектепке барышына ушундай жол менен жолтоо болгусу келгендер Ооганстандын душмандары болуп саналат, алар башка террорчулардан эчтемеси менен айрымаланбайт".

Тажикстанга коңшулаш турган Кундуз провинциясында бир нече жылдан бери турмуш баракат абалга түшүп, коога-калбалар азайып калган эле. Бирок НАТОнун Ооганстандагы контингентине былтыртан тартып түндүк тараптан жүк ташыла баштаган соң бул аймакта да козголоңчулардын аракети жанданды.