Ахмадинежад Түштүк Америкага аттанды

Бразилиянын президенти Лула да Силва Ирандын лидерин жылуу тосуп алды. 23-ноябрь, 2009-ж.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Түштүк Америкадагы сапарын дүйшөмбүдө Бразилиядан баштады. Бразилиядан кийин ал Венесуэла менен Боливияга барат.
Түштүк Америкадагы бул үч өлкөнү бириктерген айрым жагдайларга келсек, үчөөнүн тең жетекчиси АКШ таасиринен оолак болууга умтулат, атүгүл айрымдары аны кас өлкө санайт. Андан сырткары Венесуэла менен Боливия соңку кездери Орусия менен кызматташтыгын бекем чыңдады.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Бразилияда тууганча болбосо да, алыскы шерик катары тосуп алынды. Бразилиянын солчул президенти Луис Инасиу Лула да Силва Ирандын талаштуу өзөктүк программасы тууралуу кабатыр кеп айткан жок, тескерисинче, Бразилия менен Иран экөө тең өнүгүп келаткан өлкөлөр болгондуктан, энергетикалык максатта өзөктүк отун өндүрүүгө укуктуу деп белгиледи.

Лула да Силва Тегеран уранды байытуу ишин токтотуудан баш тарткандыктан, ага каршы жаңы санкциялар кабыл алуу сунушун башынан эле колдобойт, Иранды бурчка такагандан көрө аны менен сүйлөшүү керек деп эсептейт.

Бразиялиялык журналист Сэми Адгирни бирок, коомчулукта Махмуд Ахмадинежаддын сапары тууралуу көз караш башкача экенин айтат. “Көпчүлүк гезиттер менен телеканалдар Иран президентинин визитин Бразилиянын тышкы саясатындагы катачылык катары сыпатташууда. Элдин көбү Ахмадинежаддай талаштуу лидерди кучак жая тосуп алуу - Бразилиянын алыскы максаттарына, тышкы саясаттагы мүдөөсүнө коркунуч келтириши мүмкүн деген ойдо”, - дейт журналист.

Жекшембиде Рио-де-Жанейродогу атактуу Ипанема пляжында 500дөй киши чогулуп, Ахмадинежаддын сапарына каршылык билдиришти. Алардын арасында коомчулуктун ар башка катмарынын өкүлдөрү турду. Рио-де-Жанейродогу жөөттөр коомунун башчысы Мичел Хеллил маселен, 2-дүйнөлүк согуш маалындагы жөөттөр кыргынын, же Холокостту жериген Иран президентинин жогорку деңгээлде кабыл алынганын кайгылуу окуя деп атады. Анын айтымында, Бразилиядагы баалуулуктар – демократия, ар түрдүүлүк, социалдык активдүүлүк, расизмге каршы айныгыс күрөш – ушунун баарын Ахмадинежад тааныбайт, жек көрөт. “Анын Бразилияга келгени биз үчүн эмнени түшүндүрөрүн өз президентибизге жеткиришибиз керек. Холокостту, Ирандагы миллиондогон эл тарткан кыйынчылыктарды четке кагуу – бул Бразилияны четке кагууга барабар”, - деп кейийт Хеллил.

Бразилиялык маалымат каражаттары президент Лула да Силва Ирандын өзөктүк программасы туурасында Тегеран менен Вашингтон ортосунда арачылык кылуу ниетинде экенин кабарлашты. Өткөн аптада Бразилияга Израилдин президенти Шимон Перес барып кеткен, ушул апта этегинде палестин лидери Махмуд Аббас келээри күтүлүүдө.

Бразилиядан кийин Ирандын президенти Ахмадинежад жакын досу жана өнөктөшү Венесуэла лидери Уго Чавеске барып жолугат. Айтор, Тегерандын өзөктүк программасы эл аралык кызуу талкуу жаратып жаткан чакта Ирандын президенти Түштүк Америкага сапарлап, өз тарапкерлерин сыдыргыдан өткөрүүнү көздөп жаткандай.