Чет өлкөдөн бакыт издеген кыргыз кыздары

Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден кыз алып, кыз бергендер көбөйдү. Кыргыздын кыздары ары жагы АКШ, бер жагы Кытайга кетип атса, кыргыз жигиттери вьетнам, жапон, немис кыздарына үйлөнүүдө.

Ар ким өз бактысы үчүн өзү гана жооптуу жана жар тандоого өзү гана укуктуу. Соңку жылдары чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып жаткан кыргыз кыздары арбыды.

Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн жетекчиси Канышай Атакулова кыргыз кыздары Түркия, АКШ, Кытай, Корея жана башка мамлекеттердин жарандарына турмушка чыгып жатканын «Азаттыкка» берген интервьюсунда мындайча ортого салды.

-Түркиялык жарандарга кыргыз кыздары көп чыгууда. Андан кийинки орундарды АКШ менен Кытай жарандары ээлейт. Германия баштаган башка мамлекеттерге чыккандар деле бар. Салыштырып айтсак кыргыз кыздары Түркия менен Кытайга көбүрөөк чыгып жатышат. «Эмне үчүн алыс чет өлкөгө турмушка чыгып жатасың? Кийин өкүнүп калбайсыңбы?» деп ар кимисинен сураганда, кыргыз жигиттери табылбай жатса, эмне кылабыз, дешип күлүп коюшат. «Бири-бирибизди жакшы билебиз, сүйлөшүп, таанып-билип туруп турмуш куруп жатабыз», - дешет. Айрымдары кош бойлуу болуп калганда «никебизди мыйзамдаштырып бергиле», - деп кайрылышат. Турмушка чыгуу ар кимдин жеке иши.

Бир гана «Бакыт» өргөөсүндө эле быйыл сегиз айда жүзгө жакын кыргыз кыздары чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккандыгы катталган.


Мындан сырткары жаш жубайлар никеге Бишкектеги төрт райондун, Кыргызстандын жети облусунун, ондогон райондорунун никеге каттоо бөлүмдөрүндө тура алышат, ошондуктан канча кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жатканын так билүү мүмкүн эмес.

Кыргыз кыздарынын бактысын минтип чет мамлекеттиктерден таап жатканы тууралуу коомдо талаш-тартыштуу пикирлер бар. Мисалы, айрым улутчулдар кыргыз кыздары жалаң гана кыргыз жигиттерге турмуш чыгышы керек дешсе, аны адам укугун чектөө, кыздардын бактысын кыюу катары баалагандар бар.

Бишкектин тургуну Тумар Карыбаева айрым кыргыз кыздары мисалы, кытайлык жарандар менен никеге турбай эле жашап жүргөнүнөн эч кандай өөн көрбөйт, тескерисинче, ал анын артыкчылыктарын белгилейт:

-Жакшы жагы Кыргызстанга келип-кетип өз салымдарын кошуп, жумуш орундарын түзүп, экономикага үлүш кошуп жаткандыгы жакшы көрүнүш.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун ардагер мугалими Канышай Деркембаева болсо тескерисинче, чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууну жашоо шарттын кыйынчылыгына чыдабагандык катары баалайт:

-Кыздар абдан ишенчээк болушат. Алар күнүмдүк турмуштун азгырыгына алданып, чет өлкөлүктөрдүн байлыгына, акчасына алданып, күнүмдүк жыргалчылык үчүн келечегин ойлобой кетип жатышат. Айрымдары келечегин терең ойлонгон эмес. Ал эми Кытай абдан чоң мамлекет, адамдардын саны да көп. Ошондуктан Кыргызстанга келип жайылып, орун-очок алыш үчүн атайын амалданып кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышат. Бул дагы бир өзүнчө саясат го деп ойлойм.

Бул пикирге каршы оюн Кеминдин тургуну Мунара Абдраимова айтты. Анын пикири боюнча, кыргыздын татыктуу жигиттери табылбай атса, кыйналып жашагандан көрө чет өлкөлүк жигитке турмушка чыккан оң. Ошентсе да өз бактысы үчүн күрөшү ар кимдин жеке иши. Мунара Абдраимова өз кызын кытайлык ишкер жигитке берген:

-Ичимдик ичкен, баңги зат, тамеки тарткан же иши жок кыргыз жигитине кызымды бергенден көрө чет өлкөлүк ишкер жигитке мамилеси келишип, бирин- бири жактырып калгандыктан бердим. Себеби ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүүгө, өзү чечим кабыл алууга укугу бар. Кыз-күйөөбүз да жардам берип. Бул жакта бутуна туруп калышты.

Быйылкы жылдын он айында Бишкектеги “Бакыт” өргөөсүнөн эки жарым миңге чукул жаш жубайлар ак никеге турушкан. Ал эми былтыр 3 миң 118 жуп нике күбөлүгүн алышкан.