А.Сакыбаев: “Бул - диктатордук Конституция болду”

Конституциялык кеңешменин жыйыны, 20-май, 2010-жыл

Конституциянын жаңы долбоору, андагы өзгөрүүлөр тууралуу көз карандысыз адвокат Автандил Сакыбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- Сиздин баамыңызда сунушталып жаткан рефрендумга коюлчу Баш мыйзам долбоорунда бийлик андай бөлүштүрүлгөн?

Автандил Сакыбаев: Бул жерде бийлик туура эмес бөлүштүрүлгөн. Илгерки айтылып жүргөн президенттин супер бийлиги супер эле боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына, өзгөчө Жогорку Кеңештин төрагасына өтүп кеткен. Бул жерде эч кандай баланс системасы менен бийлик бөлүштүрүлгөн эмес. Себеби Текебаев баш болгон Конституциялык кеңешменин Конституциясында 85-беренеде жазылып турат, президент эки жолу Жогорку Кеңеш тарабынан иштетилген мыйзамдан экинчи эле жолу баш тартса, президенттин баш тарткан негиздерин эсепке албай, Жогорку Кеңештин төрагасы өзү кол коюп мыйзамды ишке киргизип салат экен.

Бул кыргыз элинин демократиялык курам болуш үчүн өтө жаман жагын тийгизе турган мыйзам болуп эсептелинет. Себеби Жогорку Кеңештин депутаттары элге туура эмес залалын тийгизе турган мыйзамды кабыл алса, президент ага кол коюдан сөзсүз түрдө баш тартат. Ошентип эки жолу баш тартса Жогорку Кеңештин бар экенине, мыйзамдарга кол коюу күчү турса, ага карабастан эле өзү кол коюп киргизип салат экен.

Бул эң жаман берене болуп калыптыр. Мисалы, коркунучтуу кылмышкерге амнистия беребиз деп Жогорку Кеңеш көтөрүп чыкса президент сөзсүз түрдө баш тартат. Анда кандай болот? Эки жолу баш тартса эле Жогорку Кеңеш депутаттары менен чогулуп туруп эле өздөрү бошотуп салып атышпайбы, кол коюп.

- Баш мыйзамды иштеп чыгууда коомдун бардык каалоо-сунуштары эске алынды деп ойлойсузбу?

Автандил Сакыбаев: Бул жерде эч кандай каалоо-сунуштар эске алынган жок. Бул жөн эле имитация болду. Текебаевдин тегерек четиндеги Арабаев, Нарынбаев деген юристтер үчүн жөн эле имитация болду элден алып атабыз, силердин сунушуңарды киргизип атабыз деген. Мунун калп экенин 81-берене, 74-берененин 7-бөлүмү көрсөтүп турат. Бул беренелер коомчулуктун өрчүп-өнүгүшүнө каршы келе турган, аябай жаман беренелер.

Булар эч нерсени кабыл алышкан жок. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген ушул. 81-берене Конституциянын баарын чийип салды, жаман жагына алып барды. Булар болсо күнүгө эле "биз элдин сунуштарын кабыл алып, ошонун негизинде демократиялык Конституция болду" деп айтып атышат. Эч кандай демократиялык эмес, бул аябай диктатордук Конституция болду. Буга Текебаев күнөөлүү.

- Сиз кандай сунуш берет элеңиз? Кыргызстанга ушундай шартта кандай Баш мыйзамдын долбоору керек?

Автандил Сакыбаев: Мен башынан айтып келатам, такыр жетпейт ушуларга. Элдин көпчүлүгү деле ушуга кошулат. Мен «Трибуна» деген гезитине орусча да жазып чыктым. Бизге орусча айтканда балансталган президенттик-парламенттик системадагы өлкө керек, Конституцияда ошол система ыңгайлуу жазылыш керек эле.